Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Австрияда кыздарга хижаб кийүүгө тыюу салуу сунушу колдоо тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Австрияда башталгыч класста окуган кыздарга мектепке хижаб кийип барууга тыюу салуу сунушу колдоо табууда. Өлкө парламенти бул тууралуу мыйзам долбоорун өкмөт үч жолу сунуштагандан кийин талкуулап, колдоп берди.

Демилгечилердин пикиринде, жаңы мыйзам мусулман кыздарга австриялык коомго аралашуусуна жардам берет. Оппозиция өкмөт алгылыктуу иш жасабай, популизмге алдырууда деп сындап жатат.

Эгер талап аткарылбаса окуучу кыздын ата-энесине 440 евро айыппул салынат.

Бирок мусулман коомчулугунун өкүлдөрү мыйзамга каршы чыгып, Конституциялык сотко кайрыларын айтууда.

2017-жылдан бери Австрияда бетин чүмкөгөн кийим кийүүгө уруксат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG