Баткен шаарында Ишкердикти колдоо борбору ачылды. Долбоорду ЖИА бизнес-ассоциациясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) каржылык жардамы менен ишке ашырды.
Борбордо аймактагы ишкерлерге жана жаңыдан бизнес баштайм деген жергиликтүү тургундарга акысыз кеп-кеңеш беришет. Юридикалык жардам көрсөтүлүп, бизнести башкаруу, пландоо жолдору үйрөтүлөт.
ЖИА ассоциациясына Баткен облусунда 4 миңден ашуун ишкер катталган. Алардын көпчүлүгү чакан ишкердик же алып сатуу менен алектенет.
Баткен облусу борбордон эң алыс жайгашкан аймак.
Борбордун ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкерлер катышты. (JsA)