Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Кыргыз жарандары Орусияда диний билим алат


Макулдашууга кол коюу учуру.
Макулдашууга кол коюу учуру.

Кыргызстандыктар Орусияда диний билим алышат. Бул тууралуу муфтият кабарлады.

Муфтий Максатбек Токтомушев Орусиянын Ислам билими боюнча кеңешинин төрагасы Рафик Мухаметшин менен жолугуп, 2019-2020-жылдарга эки тараптуу макулдашууга кол койду.

Ага ылайык, Кыргызстандын 25 жараны Москва, Уфа жана Казан шаарларындагы Ислам университеттеринде диний билимин жогорулатып, тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алат. Алар магистратура, докторантура жана бакалавриат программалары боюнча окушат.

Орусиядан кайткандан кийин баары тең Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында үч жылдан кем эмес эмгектенүүгө милдеттүү болот. (RK)

XS
SM
MD
LG