Бишкекте быйыл төрт айда 71 бала көк жөтөл болуп ооруду. Бул тууралуу шаар башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Алардын 44% ата-энеси баш тартып койгондуктан эмделбей калгандар.
2018-жылы алгачкы алты айда Кыргызстанда 56 бала көк жөтөлгө чалдыкканы кабарланган.
Бала көк жөтөлгө каршы бир жашка чыкканча үч жолу жана эки жашында бир жолу вакцина алышы керек. Дарыгерлердин айтымында, эмделгендер бул оор илдетке чалдыкпайт. (KE)