Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

Баткен казыяты чек арадагы элди ынтымакка үндөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун казыяты Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылында Орозо айына карата ооз ачаар өткөрдү.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын атынан уюштурулган иш-чарага жалпысынан 300 адам чакырылып, аларга коңшу мамлекеттин эли менен ынтымакта, тынчтыкта жашоо зарылдыгы айтылды.

Ак-Сай айылынын калкы 2 миңдей адам.

Бул айыл Тажикстандын 40 миңге чукул тургуну бар Ворух анклавы менен чектешип турат.

Эки өлкө ортосундагы чек ара такталбагандыктан жол, суу, жайыт талаштан улам бул айылда тынымсыз чыр-чатак болуп турат. Быйыл 13-14-март күндөрү жаңжал чыгып, ок атылган. Ошол күндөн бери эки өлкөнүн милиция кызматкерлери бул айылдарда коомдук коопсуздукту биргелешип көзөмөлдөөсүн улантып келет. (JsA)

XS
SM
MD
LG