Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

“Exxon Mobil” компаниясы Ирактагы кызматкерлерин эвакуациялады


Ирактык жоокер мунай базасын кайтарууда
Ирактык жоокер мунай базасын кайтарууда

Америкалык “Exxon Mobil” мунай компаниясы 60 чакты кызматкерин өлкөдөн чыгарып кетти деп билдирди Ирактын мунай министри.

Эвакуация коңшу Иран менен АКШнын ортосундагы мамиле курчуп бараткан маалга туш келди. Бул эки мамлекет отосундагы абал куралдуу конфликтке өтүп кетиши мүмкүн деп болжолдонууда.

Ирактын мунай министри Тамер Гадбан америкалык компаниянын мындай аракетин кескин сынга алып, өлкөнүн түштүгүндөгү абал коопсуз экенин жана бул чечим саясий себептен улам гана орун алганын кесе айтты.

Расмий Вашингтон Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңундагы өзүнүн аскерий курамдарын күчөтүп, Иран тараптан агрессия болушун божомолдоп жатат.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Иранга коңшу жайгашкан Ирактагы элчиликтериндеги кызматкерлердин жоон тобун эвакуациялоого буйрук берген. АКШ Федералдык авиация башкармалыгы Перс булуңу аркылуу учкан коммерциялык каттамдарга бул багыт кооптуу экенин эскертти. (KKu)

XS
SM
MD
LG