Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:59

“Ачык өкмөттүн” улуттук форуму жыйын өткөрөт

Иманкадыр Рысалиев.
Иманкадыр Рысалиев.

“Ачык өкмөттүн” улуттук форуму кезектеги жыйынын өткөрөт. Анда катчылыктын башчысы Иманкадыр Рысалиевдин кеткенине байланыштуу жаңы жетекчини дайындоо жол-жобосу талкууланат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” форумдун мүчөсү Эркинай Убышева билдирди.

Мындан сырткары “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруудагы, мекемелердин ишмердүүлүгү жана аларды менчиктештирүүдөгү ачыктык маселелери көтөрүлөт.

Мунун алдында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлү Пьер фон Аркс кыргыз өкмөтүнүн кайрылуусуна жооп кайтарып, “Ачык өкмөт” программасына жетекчини Улуттук форум тандашы керектигин билдирген.

18-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ЕККУнун өкүлчүлүгүнө кайрылып, "Ачык өкмөт" улуттук форумунун катчысы Иманкадыр Рысалиевди бул кызматынан чакыртып алууну сунуштаган. Рысалиев өзү да муну "Азаттыкка" тастыктап, иштен кетүүнү чечкенин айткан.

Өкмөт башчы бул чечимди "Рысалиевдин тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коомдук резонанстан улам" кабыл алганын айткан.

Абылгазиев "КТ Мобайл" жана анын артында турат деген бажасы Иманкадыр Рысалиев тууралуу комментарий берип, дооматтар ырастала электигин билдирген.

"Ачык өкмөт" - ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү ишке ашырып жаткан долбоор. (КЕ)

XS
SM
MD
LG