Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Бишкекте ЖККУнун Парламенттик ассамблея кеңешинин жыйыны өтөт


ЖККУ мамлекеттеринин туулары.
ЖККУ мамлекеттеринин туулары.

Бүгүн Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблея кеңешинин көчмө жыйыны өтөт.

Анын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 19-майда Беларус Улуттук Жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Владимир Андрейченко, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуп, парламент аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулады.

Жолугушууда Дастанбек Жумабеков мурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин Беларуста кармалып турушу жана анын коомдук иш-чараларга эркин катышуусу Кыргызстан тарапты тынчсыздандырарын белгиледи.

Владимир Андрейченко Кыргызстан менен Беларустун алакасын жигердүү улантуу зарылчылыгын айтып, “жогорудагы маселе эки тараптын калыптанган байланышына кедергисин тийгизбейт" деген ишеничин билдирген.

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG