Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Украина: Зеленский президенттик кызматка киришти


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Владимир Зеленский Украинанын жаңы президенти катары расмий түрдө ишке киришти. Ал бир аз мурда Украинанын Жогорку Радасында ант берди.

"Мен Украинанын суверендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого убада берем", - деп билдирди Зеленский.

Ал Украинанын эгемендик жылдарындагы алтынчы мамлекет башчысы болуп калды.

41 жаштагы актер жана куудул Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны соңку беш жылдан бери башкарып келген Петро Порошенкону жеңип чыккан. Ал жалпы добуштардын 73,22 пайызын, атаандашы 24,45 пайызын алган.

XS
SM
MD
LG