Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Арменияда сотторго каршы нааразылык акциясы өтүп жатат


Еревандагы сот имараты, 20-май 2019-жыл.
Еревандагы сот имараты, 20-май 2019-жыл.

Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын чакырыгынан көп өтпөй ондогон демонстранттар баш калаа Еревандагы сот имараттарынын алдына топтолушту. Алар Армениянын Конституциялык соту баш болгон бир катар соттордун имаратынын кире беришин тороп турушат.

Бир күн мурда Пашинян өлкөдө “революциянын экинчи жана эң башкы баскычы” башталганын, ал сот системасын реформалоого багытталганын жарыялаган. Анын мындай билдирүүсүнө ишемби күнү мурдагы президент Роберт Кочаряндын камактан күрөөгө бошотулганы себеп болгон. Пашинян соттун мындай чечиминен кийин тарапкерлерин Армениянын аймактарындагы сот имараттарынын алдына нааразылык акциясына чыгууга чакырган.

Оппозициядагы Республикалык партия "сот системасына кысым көрсөтүлүп жатканын" билдирсе, армян президенти Армен Саркисян жарандарды Баш мыйзамды, мыйзамдарды сактоого жана сабырдуулукка үндөдү.

Башкы прокуратура Кочаряндын күрөөгө бошотулушуна каршы сотко доо арыз менен кайрыларын билдирди.

1998-2008-жылдары өлкөнүн башында турган Кочарян 11 жыл мурда «демонстранттарга каршы күч колдонууга буйрук берген» деген айып менен жоопко тартылып жатат.

2008-жылкы окуяларда сегиз демонстрант жана эки полиция кызматкери курман болгон. Кочаряндын соттук иши быйыл 13-майда башталган.

XS
SM
MD
LG