Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Өмүрбекова: Иманкадыр Рысалиев январдан бери айлык албай иштеген


Иманкадыр Рысалиев.
Иманкадыр Рысалиев.

“Ачык өкмөт” улуттук форумунун кызматтан кеткен катчысы Иманкадыр Рысалиев быйыл январдан тарта маяна албай иштеген. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 20-майда "Ачык өкмөт" улуттук форумунун кезектеги жыйынында "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Ал кишиден кандайдыр бир кемчиликтер табылганы айтылган жок да. Аны тууганы (Ред: премьер-министрдин) болгону үчүн, эмнеге кызматка коюлду деген маселе козголду. Ошондуктан резонанс жаратты. Ал өз арызында "Ачык өкмөт" идеясы дискредитация болбосун, ошол себептүү кызматтан кетүүнү туура көрөм деп жазды. Анын канча айлык алганын айта албайм. Анткени, биз тараптан каржыланган эмес. Келишимдин негизинде ЕККУ өнөктөш катары каржылап берди. Менин билишимче, январь айынан тартып Иманкадыр Рысалиев айлык албай, акысыз иштептир.

Буга чейин Иманкадыр Рысалиевдин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир тууган бажасы экени ачыкка чыгып, катуу сынга алынган. 18-майда Абылгазиев ЕККУнун өкүлчүлүгүнө кайрылып, аны бул кызматынан чакыртып алууну сунуштаган. Өкмөт башчы бул чечимди "Рысалиевдин тегерегинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коомдук резонанстан улам" кабыл алганын айткан. Кийинчерээк Рысалиев иштен кеткен.

Иманкадыр Рысалиевдин дарегине "КТ Мобайл" компаниясы боюнча да дооматтар айтылып жатат. Бирок Абылгазиев бул айтылгандар азырынча ырастала электигин билдирген.

"Ачык өкмөт" долбоору - ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгү менен чогуу жүзөгө ашырылууда. (NT)

XS
SM
MD
LG