Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинде медициналык туризмди жана чет өлкөлүк жарандардын саламаттыгын колдогон «Эл аралык бейтап» кызматы ишке кирди.
850 288 38 38 акысыз телефон номуру жети күн, 24 саат, англис, немис, араб жана орус тилдеринде бейтаптарга жооп берет. Бул кызмат Түркияга турист же бейтап катары келген чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү дарыгерлердин ортосунда котормочулук жана укуктук жардам көрсөтөт.
Расмий маалымат боюнча, Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.
Эки өлкөнүн ортосундагы саламаттык сактоо боюнча келишимге ылайык, жыл сайын Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота менен келип дарыланган бейтаптардын саны 2019-жылы 150гө көбөйтүлдү. (ElB)