Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Депутаттар Жалал-Абаддагы «Элдик» ишканасын жоюу маселесин көтөрүштү


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөрүлгөн мүлкүнүн эсебинен уюштурулган «Элдик» мамлекеттик ишканасын жоюу маселесин көтөрүштү.

Мындай маалымат бүгүн парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин Жалал-Абад шаарында өткөн көчмө жыйынында айтылды. Депутат Кубанычбек Нурматов түзүлгөндөн бери мамлекетке бир тыйын пайда алып келбей, мамлекет эсебинен жашап жаткан ишкананы жоюу тууралуу маселе көтөрдү:

- 2010-жылга чейин ал мүлктүн бир тобу күрүлдөп иштеп, пайда таап турган. Биз бүгүн ал объектилердин бир тобун кыдырып, өзүбүз таанышып ушундай пикирге келип жатабыз. «Элдик» ишканасын жоюу менен ал мүлктү жергиликтүү бийликке өткөрүп беришибиз керек.

Комитеттин төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев бул жагдайдын баары комитетте тийиштүү жетекчилер менен каралып чыгып, андан соң чечим кабыл алынарын айтты. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин депутаттары бүгүн Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы айрым социалдык объектилерди кыдырып чыгышты.

Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында «Элдик» ишканасы уюштурулуп, мүлктү башкаруу ошол ишканага берилген. Учурда бул ишканада 30га чукул кызматкер эмгектенет.

2018-жылы декабрда Кадыржан Батыров Одесса шаарында көз жумганы, кийин сөөгү Өзбекстанда жерге берилгени кабарланган. (RsK)

XS
SM
MD
LG