Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Кадамжайдын тургуну чагылган уруп каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен облусунун Кадамжай районунда 39 жаштагы жергиликтүү тургун чагылган уруп каза болду.

Ага 19-майда Шыбыран жайлоосунда мал багып жүргөндө чагылган тийген. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгы да ырастады. Маркумдун кандай шартта каза болгону белгисиз.

Кыргызстанда чагылгандан адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да кездешкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көп учурда чагылган адамдар телефон менен сүйлөшкөн учурда тийгенин маалымдаган. (JsA)

XS
SM
MD
LG