Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:34

Мэрдин кеңешчиси тартип жоопкерчилигине тартыла турган болду


Гуля Алмамбетова.
Гуля Алмамбетова.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун коомдук кеңешчиси Гуля Алмамбетова социалдык тармактагы посту үчүн тартип жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Гуля Алмамбетова 20-майда «Твиттердеги» баракчасына Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын колуктулардын үлпөт тойдогу көйнөктөрү тууралуу пикири жазылган кабарды бөлүшүп, одоно сөз жазган.

Ага чейин Мавлянова «Фейсбуктагы» баракчасына үлпөт тойдо колуктулардын ачык жана чыпташкан көйнөктөрдү кийишине жол бербөөгө ата-энелерди чакырган пост калтырган.

Алмамбетованын сөзүнө реакция кылууга парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин бүгүн, 21-майдагы жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев кызматташтарын чакырган. (NT/BTo)

XS
SM
MD
LG