Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:20

Аба ырайы: жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, өлкө аймагында 22-23-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолорго кар түшөт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана мал багууну кыйынчылыкка учуратат. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.

22-майда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан, тоолорго кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Суусамырда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;

Баткендин дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 23…28;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 22-майда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 21…23 градуска чейин жылуу болот.

XS
SM
MD
LG