Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

«Формула-1дин» үч жолку чемпиону дүйнө салды


Ники Лауда.
Ники Лауда.

«Формула-1» классындагы автожарыштын үч жолку чемпиону Ники Лауда 70 жашында көз жумду. Былтыр августта ал өпкөсүн алмаштырган.

Ники Лауда Венада бардар үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы каршы болгонуна карабай, Лауда 22 жашында «Формулага» катышып, төрт жылдан кийин чемпион болгон.

1976-жылы Германиядагы Гран-При үчүн жарышта Лауда кырсыкка кабылып, өрттөнүп жаткан машинеден бир мүнөттөй чыга албай калган. Анын дене-башы катуу күйүп, өпкөсү ышка толуп калган. Лауда ооруканада комага түшүп калып, дарыгерлер «жашап кете албайт» дегенине карабай, алты аптадан кийин кайра жарышка чыккан.

1979-жылы Лауда «Lauda Air» аттуу авиакомпанияны ачып, бирок үч жылдан кийин «Формула-1ге» кайтып келген.

Ники Лауда – Австриянын тарыхында эң ийгиликтүү автоспортчу. 2013-жылы америкалык режиссер Рон Ховард Лауданын авариясы жана анын жарышка кайтып келгени тууралуу «Жарыш» деп аталган көркөм тасма тарткан.

XS
SM
MD
LG