Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

Кытайдын тышкы иштер министри расмий сапар менен Бишкекке келди


Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Ваң И. Бээжин, февраль 2019-жыл.
Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Ваң И. Бээжин, февраль 2019-жыл.

Кытайдын тышкы иштер министри Ваң И бүгүн, 21-майда Бишкекке расмий сапар менен келди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар өз ара кызматташтыкты, эл аралык жана чөлкөмдөгү маселелерди талкууга алышты.

Жолугушууда Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин башчыларынын июндагы саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанда өтө турган мамлекеттик сапарын даярдоо тууралуу да сөз болду. Жыйынтыгында министрлер 2020-2021-жылдарда эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин кызматташтыгын жана жакынкы эки жылдагы негизги курсту аныктаган документке кол коюшту.

ШКУнун курамындагы мамлекет башчыларынын жыйыны быйыл 13-14-июнда Кыргызстанда өтөт. 2001-жылы түзүлгөн уюмдун курамына Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистан жана Индия кирет. Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголия байкоочу макамына ээ. (NT)​

XS
SM
MD
LG