Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Бекешев: Токмокто аткезчилик менен ташылган күйүүчү май ачык эле сатылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тармактык комитеттин жыйынында аткезчилик менен ташылып жаткан күйүүчү май маселесин көтөрдү.

Эл өкүлү Токмок шаарынын көчөлөрүндө, анын айланасындагы айылдарда контрабанда менен келген күйүүчү май ачык эле сатылып жатканына карабастан, ага каршы эч ким чара көрбөгөнүн айтты:

- Биз бул маселени көптөн бери көтөрүп келебиз, тилекке каршы, ушул кезге чейин тийиштүү чара көрүлгөн жок. Депутаттык комиссия түзүп текшермейинче, бул маселенин чечилиши кыйын.

Депутат Азамат Арапбаев Экономика министрлиги күйүүчү майдын 25 пайызы өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен ташылып келип жатканын мойнуна алганын, күйүүчү майдын дээрлик чейрек бөлүгү контрабанда болуп саналарын белгиледи:

- Контрабандалык күйүүчү май толугу менен Мамлекеттик чек ара кызматына байланыштуу кирип жатат. Анын айынан Кыргызстандын бюджети чоӊ чыгымга учурап жатат. Албетте, чек ара кызматкерлери күнөөлүү эмес, андагы айрым топтордун аракети менен ушундай абал түзүлүүдө. Бул боюнча өкмөт парламент жыйынында маалымат бериши керек.

Экономика министри Олег Панкратов өлкө аймагында 310 ири май куюу жайы иштеп жатканын, ал керектөөнүн 94 пайызын камсыз кыларын билдирди.

Күйүүчү май жана башка товарлардын аткезчилиги тууралуу маселени Жогорку Кеңеш кийинки жумада карай турган болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG