Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча сот жүрүп жатат


Бишкек ЖЭБи боюнча жүрүп жаткан сот отуруму. 15-май, 2019-жыл.
Бишкек ЖЭБи боюнча жүрүп жаткан сот отуруму. 15-май, 2019-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда жүрүп жаткан жараянга соттолуучулардын туугандары киргизилген жок. Эшик тоскон милиция кызматкерлери отурумга тизме менен гана киргизип жатышты.

Соттук териштирүү учурунда айыпталуучулардын бири, «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев айрым документтер жок экенин билдирди. Анын айтымында, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизация кылган ТВЕА ишканасы менен түзүлгөн келишим, 2018-жылкы электр станцияларынын үч тараптуу келишимдери жана айрым электр долбоорлору кылмыш ишине тиркелген эмес. Калиев бул документтерди ишке кошууну талап кылууну соттон өтүндү. Ал сотто аудио, видео жаздырууга уруксат берүүнү сурады. Азырынча сот бул өтүнүчтөрдү карай элек.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Жалал-Абад шаарынын экс-мэри Салайдин Авазов айыпталып, камакка алынган. Ал эми мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. (ZKo)

XS
SM
MD
LG