Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Токмок: Төрөт үйүндөгү окуя териштирилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук милициясына былтыр 24-декабрда Токмок шаарынын тургуну кайрылып, аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн кызматкерлерине каршы арыз жазган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренеси («Медицина кызматкерлеринин өз милдетин аткарбай коюшу») боюнча иш козголуп, сотко чейинки иликтөө иштери башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Чүй облустук милициясы «Азаттыкка» кабарлагандай, азырынча экспертизалардын корутундусу даяр боло элек. Бирок милиция дарыгерлерге карата кандай чара көрүлгөнүн маалымдаган жок.

21-май күнү Токмок шаарынын тургуну Зарина Мамутова төрөт үйүндө дарыгерлер баласын алмаштырып койгонун журналисттерге билдирген. Ал былтыр 22-декабрда эгиз бала төрөгөнүн, балдардын абалы жакшы болгонун, эмизгенин айтты. Мамутованын сөзү боюнча, эртеси күнү кечинде дарыгерлер бир баласын «эти ысып кетти» деп алып кетип, ошол боюнча ымыркай өлүп калганын айтып, белгисиз ымыркайдын сөөгүн беришкен. Ата-эне ымыркайдын сөөгүн экспертизага беришкен, экспертиза ымыркай өлүү туулганын көрсөткөн.

Зарина Мамутова күйөөсү экөө беш баланы тарбиялап жатышкан, эгиздер менен кошо жети бала болмок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG