Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

ЖЭБ соту: Адвокат кеңири зал сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүдө айыпталуучулардын адвокаты Нурбек Токтакунов соттон ишти кенен залда кароону суранды.

Токтакунов залда айрым адвокаттардын иштеши үчүн шарт жок болуп жатканын, столу жок стулда гана отурушканын айтты. Адвокаттын өтүнүчүнө мамлекеттик айыптоочулар каршы чыгышты. Алар адвокаттар үчүн коюлган стол менен отургучтар жетиштүү экенин айтып, жылышып, кесиптешин батырып алууну сунуш кылышты.

Судья Нурбек Токтакуновдун залды кеңейтүү жөнүндө өтүнүчүн канааттандырган жок.

Ушул тапта Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сот отуруму жүрүп жатат. Анда жабырлануучулар көрсөтмө беришүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG