Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Аба ырайы: Жаандан кийин сел жүрүшү ыктымал

Жаандан кийинки талаа. Бишкек.
Жаандан кийинки талаа. Бишкек.

23-майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат.

Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаайт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөрлөгөн жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйындатат. 

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектериндеги райондодо сел жүрүшү ыктымал.

Абанын температурасы: 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24; 

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16; 

Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23; 

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндуз 23…28; 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16…21; 

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 16…21; 

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус жылуу болот. 

23-майда Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы: түнкүсүн 9…11°, күндүз 22…24 градус жылыйт.

XS
SM
MD
LG