20-майда кызматына киришкен Украинанын президенти Владимир Зеленский Башкы штабдын жетекчиси кылып Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Руслан Хомчакты дайындады. Тиешелүү буйрук Украина президентинин сайтында жарыяланды.
51 жаштагы Хомчак Москвадагы аскер окуу жайын бүтүргөн, Донбасстагы куралдуу чатакка катышкан, 2014-жылы өзүнүн аскердик бөлүгүн Иловайсктагы кагылышуулардан чыгарып кеткен.
Хомчак армиянын генералы Виктор Муженконун ордуна келди.
21-майда Зеленский дагы бир катар кызматтык дайындоолор тууралуу буйрукка кол койду. Өз администрациясынын башчысы кылып ал олигарх Игорь Коломойскийдин юристи Андрей Богданды дайындады. Зеленскийдин «Квартал 95» студиясынын ээси Сергей Шефир президенттин биринчи жардамчысы болуп дайындалды.