Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Анкара: С-400 боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдө жылыш бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Анкара орусиялык С-400 зениттик ракета комплекстерин сатып алуу маселесинде АКШ менен сүйлөшүүлөрдө жылышты байкады. Ошол эле маалда Анкара АКШ киргизиши мүмкүн болгон санкцияларга да даярданып жатат. Бул тууралуу Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар журналисттерге билдирди.

20-майда президент Режеп Тайып Эрдоган Түркия Орусиядан С-400 комплекстерин сатып алууну өз убагында баштай турганын, ошол эле маалда түрк армиясы америкалык Ф-35 аскердик учактарын да алаарын айткан.

Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылып келет. АКШ НАТО өлкөлөрү үчүн өндүрүлгөн Ф-35 аскердик учактары тууралуу жашыруун маалыматтар Кремлдин колуна тийип калышы мүмкүн деп тынчсызданууда.

АКШ Сенатында эгер Түркия С-400 системаларын өз аймагына жайгаштырса, анда ага каршы санкциялар киргизиле тургандыгы да айтылган.

XS
SM
MD
LG