Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:25

Украин бийлиги сегиз жоокери туткунга түшкөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Бириккен күчтөр операциясы жоокерлер 22-майда эртең менен туткунга түшкөнүн маалымдады.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, бүгүн эртең менен Украинанын куралдуу күчтөрүнүн сегиз жоокери Новотроицкое калктуу конушунун жанында баратканда адашып кетип, убактылуу оккупацияланган аймакка кирип кетишкен. Ал жерде Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жоочуларынын колуна түшкөн», - деп айтылат билдирүүдө.

2014-жылы мурдагы украин президенти Виктор Януковичке каршы элдик көтөрүлүштөн жана Крым жарым аралын Орусия аннексиялап алгандан кийин жикчилдер Донецк жана Луганск аймактарын ээлеп алышкан. Батыш бул аракеттерден жана Москванын жикчилдерди колдогонунан улам Орусияга каршы бир нече жолу санкция киргизген.

Кремль «Орусия жикчилдерге көмөк көргөзүүдө, кошуна өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө» деген дооматтарды четке кагып келет.

Донбасстагы куралдуу жаңжал 13 миңден көп кишинин өмүрүн алды.

XS
SM
MD
LG