Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тараткан маалыматка караганда, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы алардын ишинин жыйынтыгына жараша төлөнүп жатат. 2018-жылдын октябрь айында үй-бүлөлүк дарыгердин эмгек акысы бардык кошумчалары менен 11 330 сомду түзсө, иш жыйынтыгына карап дагы 10 122 сом төлөнгөн.
Натыйжада айлык акы 89,3% көбөйгөн. Былтыр күздө өлкө боюнча 1949 үй-бүлөлүк дарыгер катталган. Азыр алардын саны дээрлик 300гө көбөйдү. Бүгүнкү күнү үй-бүлөлүк дарыгер сертификатына 1691 врач ээ. Өткөн жылдын ноябрь айында үй-бүлөлүк дарыгердин орточо айлык акысы 21 497 сомду түзгөн. Январда орточо айлык акы 24 647 сомго чыккан. Апрель айында үй-бүлөлүк дарыгердин орточо айлык акысы 21 712 сом болду.
Буга чейин Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлери айлык 25-30 миң сомго чейин көтөрүлбөсө, иш таштай турганын билдиришкен.
21-майда ондогон дарыгерлер маянаны жогорулатууну, иштөө шартты жакшыртууну талап кылып Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын алдына митингге чыгышкан. (ZKo/NT)