Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Италияда туристтер бараткан автобус кырсыкка кабылды


Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.
Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.

Италиянын Тоскана облусунда орусиялык туристтер бараткан автобус оодарылып кетти. Кырсыктан бир адам өлүп, дагы он киши жабыркады.

- Жабыркагандар ооруканага жеткирилди. Кырсык Римден 200 чакырым алыстыкта болгон. Орусиянын Италиядагы элчилигинин кызматкерлери окуя болгон жерге жөнөп кетишти, - деп айтты Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова.

Баштапкы маалыматтарга караганда, Сиена шаарынан Флоренцияга бараткан автобуста 50 турист болгон. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG