Кыргызстанда кургак учук боюнча абал оор деген маалымат туура эмес. Бул жөнүндө бүгүн, 22-майда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Фтизиатрия боюнча улуттук борбордун директору Абдуллат Кадыров билдирди. Анын айтымында, “айыптоолордун бир да пункту чындыкка дал келбейт”.
«2016-жылы 100 миң калкка 144 учур болсо, 2017-жылы 127 учур катталды. Оору акырындап азайып баратат. 2001-жылы бул көрсөткүч 168 болгон. Кургак учуктан каза болгондордун да саны төмөндөөдө” деди Кадыров.
Ал эми дартты аныктоонун деңгээли, директордун белгилешинче, 84% жетти.
15-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин айрым өкүлдөрү өлкө жетекчилигине кайрылып, кургак учук боюнча абал оорлошуп кеткенин айтып чыккан.
Алар тогуз пункттан турган кайрылуу жазып, териштирүү аяктаганча Кадыровду кызматтан алууну сунуш кылышкан. (RK)