Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Мамэкотехинспекция көлдөгү пансионаттарды текшере албайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы чыккан өкмөттүн токтомуна ылайык Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция чарбалык субъектилерди текшере албайт. Мындай текшерүүлөргө эки жылдык мораторий киргизилгенин «Азаттыкка» аталган инспекциянын жооптуу кызматкери Талантбек Кожоев билдирди:

- Мораторийге карабастан биздин аймактык башкармалык жер-жерлерде сезон башталганга чейин бардыгына жазуу түрүндө эскертме буйрук берген. Өрт коопсуздугу боюнча, энергетика коопсуздугу боюнча жана экология коопсуздугу боюнча тапшырмалар берилип, бүгүнкү күндө жумуштар жүрүп жатат.

Кожоевдин айтымында, Ысык-Көл облусунда үч айлыктын жана андан сырткары райондук администрациянын алкагында түзүлгөн жумушчу топ бар. Булар эс алуу жайларын 2019-жылдын даярдыгын текшерип турушат. (BCh)

XS
SM
MD
LG