Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 22:53

Көлгө бара жаткан жолдорго дааратканалар курула элек


Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы Ысык-Көлгө бара жаткан жол боюна заманбап дааратканалар салынарын ошол кездеги Туризм департаментинин жетекчиси, азыркы Маданият, маалымат министри Азамат Жаманкулов айткан.

Бирок азырынча ажаткана салуу маселеси чечиле элек. Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулунун «Азаттыкка» айтканы боюнча жергиликтүү бийлик, жайыт комитеттери менен бирге бул маселени чечүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат.

- Чет элдик донорлорду да тартсакпы дегенбиз. Азырынча даараткана маселеси дагы каралууда, - деди ал.

Буга чейин Жаманкулов туристтерге ыңгайлуу шарт түзүш үчүн Бишкек - Чолпон-Ата автоунаа жолунун боюндагы дааратканаларды ишкерлерге өткөрүп берүү пландалып жатканын, көлгө бара турган жолдо автоунаа токтой турган 20-25 жер аныкталганын айткан. Жыл сайын Ысык-Көлгө келип эс алып кеткен туристтердин саны миллиондон ашат. Бирок жолдогу даараткана маселеси такыр чечиле элек. (BCh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG