Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Пакистанда он жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу үч киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын бийлиги он жаштагы кызды уурдалышы жана өлтүрүлүшү үчүн шектүү катары үч киши кармалганын билдирди. Исламабад полициясынын басма сөз катчысы Халид Авандын 22-майда билдиргени боюнча, төрт полиция кызматкери шалаакылык үчүн айыпталууда.

Кыздын өлүмүнө байланыштуу Исламабадда жүздөгөн киши бул окуяга тиешеси бар адамдарды жазалоону талап кылышты. Алар балдарга карата жасалган кылмыштар көнүмүшкө айланып, күнөөлүүлөр жазага тартылбай жатканын айыпташты.

10 жаштагы кыз өзү жашаган Шахзад районунда жоголуп, төрт күндөн кийин сөөгү борбор калаанын тегерегинен табылган. Кыздын атасы «дароо реакция кылып, издөө салган жок» деп полицияны күнөөлөп жатат.

2018-жылы жети жаштагы Зайнаб Ансаринин өлүмү бүтүндөй Пакистанды ойготкон. Ансаринин жана башка дагы жети баланын өлүмү үчүн айыпталган жаран өлүм жазасына тартылган.

Өкмөттүк эмес «Сахил» уюмунун маалыматына караганда, 2018-жылы балдарга катаал мамиле кылган 3832 окуя катталган.

XS
SM
MD
LG