Быйыл Кыргызстанга 7,5 миллион турист келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамлекеттик туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу билдирди:
- 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 7 миллионго жакын турист кирип чыккан. Ал эми быйылкы жылга 7,5 миллиондон ашык болот деп болжоп жатабыз. Улуттук статистика комитети «расмий катталып, өлкөгө акча коротуп кеткен 1 миллион 400 миң турист кирди» деп жатат. Биз да ошого жараша андай туристтерден 1 миллион 600 миңден аз келбеши керек деп турабыз.
17-майда Ысык-Көлдө өткөн туризм жармаңкеси менен 2019-жылдын жайкы туристтик сезону ачылган. (BCh)