Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Кыргызстанда 24 шаар таза суу менен камсыз болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) эки долбооруна 23-майда Бишкекте өтүп жаткан «Аймактар үчүн таза суу» форумунда кол коюлат.

Бул долбоорлордун алкагында 15 миллион евродон ашуун каражатка өлкөдөгү 24 шаарда таза суу долбоору ишке кирет. Суу департаментинин башчысы Аскарбек Токтошевдин маалыматы боюнча, каражаттын 65% кайтарымсыз грант, 35% насыя түрүндө берилет.

Долбоор боюнча шаарлардагы канализация, суу инфратүзүмү жаңыланат.

Кыргызстандагы жалпы 1800 айылдын 653үндө таза суу жок. Анын ичинен 57 айылга 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана кайрымдуулук, эл аралык уюмдардын жардамы менен таза суу чыгарылат.

Өткөн жылы 30 айыл таза суу менен камсыздалган. (ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG