Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:40

Жээнбеков: Таза суу менен камсыз кылууга ыкшоолук зыян тийгизүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 23-майда Бишкекте «Аймактарга таза суу» форуму өтүп жатат. Анда Европа реконструкация жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) эки долбооруна кол коюлмакчы.

Иш-чаранын башында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, таза суунун маанисин белгиледи. Президенттин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтарына таянып айтканы боюнча, таза суунун жетишсиздигинен жыл сайын 30 миңге жакын ичеги-карын оорулары катталат.

Ал эми мындай ооруларга каршы күрөшүү үчүн жылына 4,8 млрд. сом чыгаша болот. Мамлекет башчы айылдарды таза суу менен камсыз кылыш үчүн бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча талап көп учурларда сакталбай жатканын да айта кетти:

- «Таза суу» долбоорунун биринчи алкагында кетирилген кемчиликтерди, коррупциялык көрүнүштөрдү кайталоого жол берилбеши керек. Бул долбоордун биринчи алкагында 47 кичи долбоор текшерилип, анын 18и боюнча материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилген. Азыр курулушу бүтүп, эксплуатацияга берилген ичүүчү суу тармагын сактап калуу курч проблемалардын бири.

Мамлекет башчы таза суу менен камсыз кылуу боюнча ыкшоолук кылып жаткан айрым министрликтерди жана жергиликтүү бийлик ээлерин да айыптады. Ал өзү былтыр июнда Кытайда өткөн мамлекеттик сапарында кол коюлуп, бөлүнгөн 100 млн. доллар грантты алууга Экономика министрлиги эч кандай аракет кылбаганын билдирди. Ошондой эле президент Өзгөн шаарынын мэриясы таза сууга берилген 17 млн. евронун бир сомун да өздөштүрө элек экенин айтты.

Мамлекеттик бюджеттен 2018-жылы таза суу секторуна 250 млн. сом бөлүнүп берилген.

ЕӨРБдүн эки долбоору алкагында 15 миллион евродон ашуун каражатка өлкөдөгү 24 шаарда таза суу долбоорлору ишке кирет. Бул каражаттын 65% кайтарымсыз грант, 35% насыя түрүндө берилет.

Бул долбоорлор боюнча шаарлардагы канализация, суу инфратүзүмү жаңыланат.

Кыргызстандагы жалпы 1800 айылдын 653үндө таза суу жок. Анын ичинен быйыл 57 айылга 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана кайрымдуулук, эл аралык уюмдардын жардамы менен таза суу чыгарылат.

Былтыр 30 айыл таза суу менен камсыздалган. (ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG