Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

ЕРӨБ Кыргызстанды таза суу менен камсыз кылууга көмөктөшөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Сум Чакрабарти 23-майда Бишкекте билдирди.

Ал «Аймактарга таза суу» форумунда сүйлөп жатып, Кыргызстандын бийлигинин келерки беш жылда өлкөнүн бардык аймактарын таза суу менен камсыз кылуу аракеттерин колдоого аларын айтты:

- Биз буга чейин он жылдай да ушул тармакка каражат берип келдик. Инвестиция бергенге даярбыз. Бирок долбоорлор ачык-айкын жүрүшү керек. Долбоорлорго ишти билген, кесипкөй адамдарды тартышыбыз керек.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстанга таза суу долбоору үчүн 15 миллион евродон ашуун каражат берет. Бул каражат менен өлкөдөгү 24 шаарда таза суу долбоору ишке кирет, анын 65% кайтарымсыз грант, 35% насыя түрүндө берилет. ЕРӨБ менен Кыргызстан бул багыттагы эки долбоорго бүгүн, 23-майда кол коюшат.

Бул долбоорлор боюнча шаарлардагы канализация, суу инфратүзүмү жаңыланат.

Кыргызстандагы жалпы 1800 айылдын 653үндө таза суу жок. Анын ичинен быйыл 57 айылга 2019-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен жана кайрымдуулук, эл аралык уюмдардын жардамы менен таза суу чыгарылат. Өткөн жылы 30 айыл таза суу менен камсыздалган. (ErN/ZKo)

XS
SM
MD
LG