Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:28

Парламент Шайлоо кодексин өзгөртүү маселесин карап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сырттагы мигранттарды шайлоого катыштыруу аракети эмитен башталууга тийиш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү Руслан Казакбаев 23-майда парламент жыйынында билдирди. Ал шайлоочулардын тизмесин да эртелеп дайындаш керек экенин эскертип, бул үчүн чет мамлекеттерде жүргөн кыргызстандыктардын санын тактоонун зарылчылыгын белгиледи. Руслан Казакбаев сыртта миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын добуш берүү укугунан ажыратпоо маанилүү экенин айтты.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 23-майда «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Референдум жөнүндө» конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзамдын долбоорун 1-окууда карап жатат.

Депутаттар шайлоочулар добуш берүүгө келгенде өздөрүн тизмеден таппай калышканын да айтып, бул кемчиликти оңдоону тиешелүү тараптардан талап кылышты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, 2017-жылдагы шайлоодо 4268 шайлоочу добуш бере алган эмес. Алардын көпчүлүгү биометрикалык маалыматтарын тапшырбаганы үчүн, айрымдары эски үлгүдөгү паспорт менен жүргөнү үчүн добуш берүүдөн четтетилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG