Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Жогорку Раданы таркатып, 21-июлда кезексиз шайлоо өткөрүү тууралуу буйругу күчүнө кирди.
20-майда инаугурациялык сөзүндө Зеленский парламентти таркатыш керек экенин билдирип, өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырган. Зеленский мындай чечимин жарандардын депутаттарга ишеними өтө аз болгону менен түшүндүргөн.
Кечээ кезексиз жыйында Жогорку Раданын депутаттары мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө Зеленский сунуш кылган долбоорду күн тартибине чыгаруудан баш тартышкан. 226 депутаттын ичинен 92си гана макул болгон. Жаңы эрежелерди «Петро Порошенконун Блогу – Тилектештик» жана «Элдик фронт» өңдүү ири фракциялар колдогон эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский депутаттарды бир мандаттуу округдарда шайлоодон баш тартууну, жабык партиялык тизмелерди сактап калууну, партиялар үчүн шайлоодо босогону бештен үч пайызга азайтууну сунуш кылган.
Ошентип Украинада мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоо 21-июлда эски система боюнча өтөт: депутаттардын жарымы бир мандаттуу округдарда, жарымы беш пайыздык шайлоо босогосу менен жабык партиялык тизме боюнча шайлашат.
Мыйзам боюнча парламенттик шайлоо 2019-жылдын 27-октябрында өтмөк.