Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Шашылыш билдирүү: сел жүрүшү мүмкүн

Аксы районунун Ак-Жол айылы. Сел каптаган учур. 2-май, 2019-жыл.
Аксы районунун Ак-Жол айылы. Сел каптаган учур. 2-май, 2019-жыл.

25-26-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, тоо этектеринде мөндүр жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын мол жаайт. 

Ушундан улам өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү ыктымал. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү элди, мекемелерди, жеке менчик ишканаларды, уюмдарды өз аймагындагы арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоого чакырууда.

Өткөн жылдары нөшөрлөгөн жаандан пайда болгон сел айдоо аянттардагы эгиндерге, турак-жайларга, жолдорго жана башка инфраструктага зыянын тийгизген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG