Мэриянын бул демилгесин 23-майда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жарандык активисттер талкуулашты. Демилге боюнча баш калаа бир нече аймакка бөлүнгөн, ортоңку бөлүктө автоунаалар үчүн токтотмолордун акысы кымбатыраак болот.
Шаардык муниципалдык токтотмолор департаментинин башчысы Дамир Жумашевдин маалыматы боюнча, баш калаадагы 56 көчөдө 10 600 токтотмо бар. Анын айтымында, сыноо иретинде ишке киргизилген Шопоков көчөсүндөгү токтотмодон шаар бюджетине жыл сайын 2,5 млн. сом киреше түшөт. Каражат толугу менен жолдорду оңдоого, автобус сатып алууга жумшалган.
Демилгечилер токтотмолор үчүн акы алуу менен шаарда туш келди токтотулган машинелер азаят деп эсептешет.
Талкуунун жүрүшүндө баш калаадагы токтотмолордун жетишсиздигинен улам көп кабаттуу паркингдерди куруу жөнүндө сунуш түштү.
Жарандык активисттер токтотмолор жол боюна эмес, өзүнчө курулушу керек экенин айтышты. Активист Калича Умуралиева шаар бийлигинен соода, оюн-зоок жана башка багыттагы мекемелерге токтотмо курууга тыюу салууну талап кылды.
Бишкек шаардык кеңеши маалымдагандай, мэрия бул демилгеси менен токтотмолордон түшкөн каражаттын эсебинен шаардын инфратүзүмүн жакшыртууну көздөйт. (ZKo)