Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:52

Кремль Би-Би-Си каналындагы анимациялык Путин тууралуу жооп кайтарды


Би-Би-Си каналындагы анимациялык Путин.
Би-Би-Си каналындагы анимациялык Путин.

Би-Би-Си каналы жаңы программасында Орусия президентинин образын колдонууга Кремлден уруксат сураган эмес. Владимир Путин ага жасалган карикатураларга көңүл бурбайт жана аларга окшош болгусу келбейт. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатканда билдирди.

Ушул аптада «BBC Two» каналы «Владимир Путин менен бүгүн түнүндө» деп аталган жаңы программа даярдалып жатканын билдирген. Анын алып баруучусу орус президентинин 3D форматындагы анимациялык сүрөтү болору кабарланган. Берүүнүн форматы боюнча виртуалдык Путин коноктор менен маектешет. Программанын алгачкы коногу – Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэрдин кеңешчиси.

Былтыр орус тыңчысы Сергей Скрипаль Солсбериде ууландырылгандан кийин Москва менен Лондондун мамилеси начарлап кеткен.

XS
SM
MD
LG