Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

«Америкалык талиб» 17 жылдан кийин түрмөдөн чыкты


Жон Уокер Линд.
Жон Уокер Линд.

Калифорниялык Жон Уокер Линд 23-майда 17 жылдан кийин эркиндикке чыкты. Аны Ооганстанда «Талибан» кыймылы тарапта согушкандыктан «эң белгилүү америкалык жихадчы» же «америкалык талиб» деп аташат. 38 жаштагы Линд түрмөдө тартип бузбай, өзүн жакшы алып жүргөнү үчүн 20 жылдык жаза мөөнөтү кыскарган. Анын мөөнөтүнөн эрте бошотулушун айрымдар сынга алышты.

- Мында тынчсыздана турган терең бир нерсе бар, - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Президент Дональд Трамп Линд бийликтин катуу көзөмөлүндө болорун журналисттерге билдирди.

Линд 16 жашында Исламды кабыл алып, 2001-жылдары «Талибан» кыймылына кошулган. Ал 11-сентябрдагы теракттан кийин камалган жүздөгөн согушкерлердин бири болчу. Ал түрмөдө жүргөн убагында Ирландиянын жарандыгын алган, бирок чек арадан ары чыга албайт. Анын адвокаты Билл Каммингстин CNNге билдиргени боюнча, эми Линд Виржинияда, офицердин көзөмөлүндө жашайт.

XS
SM
MD
LG