Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

УКМК Атамбаев менен Ниязовго тыңшоо коюлганын четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-майда билдирүү таратып, «"Форум ишканасынын өкүлү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын жакын санаалашы Фарид Ниязовдун иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу түзмөк орнотууга мажбурланган» деген кабарды төгүндөдү.

Мекеме Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) билдирүүсүн «чагым» деп баалады. Ошондой эле айрым саясий ишмерлер өзүн пиарлаш үчүн атайын кызматтын дарегине негизсиз дооматтарды кюоп жатканын белгиледи.

Буга чейин КСДП Атамбаевге таандык «Форум» ишканасында иштейм» деген адам өзүн УКМК кызматкерлери «кызматташууга» чакырганын, натыйжада экс-президенттин жана анын санаалаштарынын иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппарат коюуну талап кылышканын баяндаган видео тараткан.

Анда «"Форумдун" IT кызматкеримин» деген адам УКМК өкүлү берди деген электр улоочу зымдын ичин ачып, андан «тыңшоочу аппаратты» таап чыкканы көрсөтүлгөн.

Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч катары мүнөздөгөн.

Бишкекте өтүп жаткан УКМКны реформалоо боюнча жыйында да активист Адил Турдукулов электр улоочу зымдын ичинен тыңшоочу жабдык алып чыгып, журналисттерге көрсөттү. КСДП бүгүн видео тууралуу басма сөз жыйынын өткөргөнү жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG