Каныбек Иманалиев эл өкүлдөрүнөн биринчи болуп «Тилекмат аке» сыйлыгына ээ болду. Аталган сыйлыкты эл өкүлүнө «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмеси ыйгарды. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдаагандай, бирикме быйылкы жылдын алтын сыйлыгына Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевди, күмүш сыйлыгына Кыргызстандын Калькуттадагы ардактуу консулу Прамуд Кумар Сарафты татыктуу деп тапкан.
«Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмеси «Тилекмат аке» коомдук фонду менен бирге 2013-жылдан бери дипломатия жана эл аралык мамилелер тармагында Кыргызстандын аброюн көтөрүүгө, өлкөгө инвестиция тартууга жана кыргыз дипломатиясынын таасирин күчөтүүгө кошкон салымы үчүн «Тилекмат аке» төш белгисин, алтын жана күмүш даражада ыйгарып келет.
Буга чейин бул сыйлыкка кыргыз дипломатиясынын өкүлдөрү – Муратбек Иманалиев, Роза Отунбаева, Марат Саралинов, Асанбек Осмоналиев, Баатыр Сыргабаев, чет элдик элчилер – Мухтар Шаханов (Казакстан), Метин Кылыч (Түркия), Ли Йонг (Бириккен Улуттар Уюму) жана КМШ өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөр коомдук бирикмесинин президенти Таалайбек Усубалиев ээ болушкан.
Тилекмат аке - XIX кылымда Көл өрөөнүндө жашап өткөн айтылуу акылман, элчи, коомдук ишмер. Өз убагында уруулар арасындагы чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салып, кыргыз элинин Кытай, Орусия мамлекеттери, Кокон хандыгы менен болгон алака-катышын оң жолго салууга зор салым кошкон. Былтыр 23-мартта Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия ак сарайында Тилекмат Жылкайдар уулунун эстелиги ачылган. (ZKo)