Бул тууралуу Панкратов өзү «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, кызматтан кетүүгө өз дарегине айтылып жаткан сындардын көбөйүп кеткени себеп болгон:
- Кызматтан кетүү тууралуу арызды өзүм жаздым. Анткени акыркы учурда сын-пикир аябай көбөйүп кетти, ага кандайдыр бир жооп болушу керек эле.
Олег Панкратовдун арызын өкмөт башчы канааттандырды. Өкмөттүк аппараттын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлаганы боюнча, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Олег Панкратовду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуштаманы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго берди.
Бүгүн, 24-майда айыл чарба министри Нурбек Мурашевди өкмөт башчы өз арызынын негизинде кызматтан алуу сунушу менен президентке кайрылганы кабарланган. (BkA/ZKo)