Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Пакистандын премьери Индиянын өкмөт башчысын жеңиши менен куттуктады

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Модини парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Түштүк Азиядагы «тынчтык жана бейкуттук» үчүн чогуу иштешүүгө дилгир экенин билдирди.

Имран Хан бул тууралуу 23-майда «Твиттерге» жазды. Баштапкы жыйынтыктарга караганда, Модинин улутчул партиясы алдыда баратат. Индия менен Пакистандын өз ара мамилелери 1947-жылы Британиядан өз алдынчалык алгандан бери оңой болгон эмес.

Өзөктүк куралы бар бул эки атаандаш өлкө үч согушту башынан кечирген. Талаштуу Кашмир аймагында маал-маалы менен атышуу болуп турат.

Хандын куттуктоосунун алдында эле Пакистандын аскерлери баллистикалык ракетаны сынашканын билдиришкен. Ага чейин Индия дүйнөдөгү эң ылдам деген ракетасын сыноодон өткөргөн.

XS
SM
MD
LG