Линктер

жума, 21-июнь, 2019 Бишкек убактысы 05:52

Чеченстандык кумса Европа сотуна арызданды


Адам укуктары боюнча Европа соту.

Орусияда чечен полициясы тарабынан уурдалып кыйноого туш болгонун айткан кумса Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылды. Адвокаттарынын айтымында, орусиялык тергөөчүлөр бул боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Арыз 24-майда Страсбургдагы сотко берилди.

Орусиядагы Кыйноонун алдын алуу комитетинин адвокаттары жасаган билдирүүдө Максим Лапунов Чеченстанда кумсалар туш болуп жаткан ыдык көргөзүүнү ачык айыптаган жападан-жалгыз киши экени белгиленген.

Лапуновдун айтымында, аны 2017-жылы Грозныйда уурдап кетишкен, эки жумадай полициянын имаратында кармап, уруп-сабашкан.

Орус өкмөтү жана чечен лидери Рамзан Кадыровдун администрациясы анын дооматтарын жүйөсүз деп четке кагышты. Ошол эле маалда адам укуктары боюнча акыйкатчы бул дооматтарга таянып «кылмыш ишин козгоого негиз бар» деп айтты.

Коопсуздук себептеринен улам Орусиядан кеткен Лапунов «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун комментарий берүү тууралуу өтүнүчүнө жооп бере элек.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG