Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Жеке ишкер айыл чарба министринин кызматына өз талапкерлигин көрсөттү


Тилек Токтогазиев. (Сүрөт Токтогазиевдин «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды).
Тилек Токтогазиев. (Сүрөт Токтогазиевдин «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды).

«Жашыл чарба» аттуу агрохолдингдин негиздөөчүсү Тилек Токтогазиев айыл чарба министринин кызматына талапкерлигин расмий жарыялаганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. «Өлкөбүздөгү миңдеген фермерлер сыяктуу эле мен да тармактагы өзгөрүүлөрдү күтө берип жададым. Менде реформа жүргүзүү боюнча так максаттарым бар. Айыл чарба министрлигинин майнаптуу ишинин негизги максаты дыйкандардын байгерчилиги болушу керек. Тартип киргизүүгө убакыт келди», деп жазган ал баракчасына.

Тилек Токтогазиевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ал өзүнүн талапкерлиги тууралуу өкмөттөн эч ким менен сүйлөшкөн эмес, азыр кимге кайрылып, кандай документтерди тапшыруу зарыл экенин иликтеп жатат.

Тилек Токтогазиев апта башында Айыл чарба министрлигинин ишин кескин сындап чыккан.

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев бүгүн, 24-майда өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.

Министрликтин ишине сын-пикирлер былтыр арбын айдалган картошка сатылбай, ороолордо чирип кеткенден кийин күч алган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG