Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Жалал-Абадда кыйноого каршы форум өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын демилгеси менен кыйноонун жана зомбулуктун алдын алуу боюнча жарандык форум өткөрүп жатат. Иш-чаранын максаты Кыйноого каршы улуттук борбордун ишин аймактагы тургундарга кеңири жайылтуу.

Кыймылдын жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдиргендей, форум аркылуу аймактагы жергиликтүү тургундарга кыйноонун жана катаал мамилелердин алдын алуунун жолдору, кыйноого кабылганда кимдерге кайрылуу керек экендиги түшүндүрүлүүдө.

- Учурда эксперттер Бишкек шаарында эле чогулуп алып кайнай бербей, аймактарда кыргыз тилинде түшүндүрүү иштерин алып барышы зарыл болуп турат. Жабык жайларда реформанын жүрбөй жаткандыгы - бул жалпы элдик мүшкүл. Азыркы жана мурунку саясатчылар кезегинде өздөрү ИВСтерге отуруп чыгып, ал жактагы абалды жакшы билишет. Бирок кызматка келгенде унутуп коюп жатышат. Бул жерден топтогон сунуш-пикирлерди биз улуттук кеңеш берүү программасы аркылуу жогорку бийликке жиберебиз, - деди Исмаилова.

Форумга улуттук борбордун, Акыйкатчы институнунун, жарандык коом менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышууда. Мындай форум 20-23-май күндөрү Токтогул жана Кербен шаарларында өткөрүлгөн. (RsK)

XS
SM
MD
LG