Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 11:38

Ниязов: Атамбаевдин Жээнбеков менен сүйлөшүү аракетинен майнап жок


Фарид Ниязов.

Бул тууралуу президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов 24-майда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, экс-президент менен жолугуп, сүйлөшүүдөн президент Сооронбай Жээнбеков баш тарткан. Ниязов «бүгүнкү бийлик Алмазбек Атамбаевди бутага алды» деп айтты.

Ал ошондой эле Коррупцияга каршы күрөш кызматын Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезинде УКМКнын курамынан чыгарып, өкмөткө берүүнү көздөгөнүн билдирип, «президенттин колунда бардык күч кызматтары чогулуп турат» деди.

Мурунку жана азыркы президенттердин ортосундагы мамиле былтыр жыл башынан бери бузулган. Экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башына Сооронбай Жээнбековду алып келгени жаңылыштык болгонун айтып, коомчулуктан кечирим да сураган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG